• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкектеги базарлардын биринде мыйзамсыз тамеки саткандар аныкталды. Жүгүртүүдөн 8,5 миң куту алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкектеги "Берекет Универсал" соода комплексинин аймагында контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташты.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 8 миң 545 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт.

Салык кызматынан акциздик маркалары жок 500 даанага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралгандыгын эскертишти.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы ишкерлерди тамеки продукцияларын акциздик маркасыз сатпоого жана акциздик марканын аныктыгын жана продукцияга шайкештигин кылдат текшерип турууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий