• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Лейлек районунда 225 орундуу типтүү мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышкандыгын ведомстводон билдиришти.

Курулушу башталган 225 орундуу типтүү мектептин жаңы имаратынын жалпы сметалык баасы – 70 млн сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Курулуш иштерин тендерден уткан “Илек Строй Групп” курулуш компаниясы жүргүзөт.

Учурда мектепте 31 мугалим 11 техкызматкер эмгектенет жана 284 окуучу билим алууда.


Маалымат үчун: Н..Батыров атындагы орто мектеби 1954-55-жылдары малчылар үчүн салынган 2 бөлмөлүү үй болгон, дубалдары ылайдан, чатыры черепица менен жабылган. 1963-жылдары Гордой айылындагы “8-март” башталгыч мектеби көчүрүлүп ошол үйлөргө жайгаштырылган. 1975-1977-жылдары ашар жолу менен 2 класс кошулуп, жалпы билим берүүчү мектеп болуп өзгөргөн.

1981-1983-жылдары МЖС тарабынан 5 класс кошумча салынып 140 орундуу орто мектеп болуп иштеп келе жатат. Мектептин абалы кооптуу болгондугуна байланыштуу КР ӨКМдин маниторинг жүргүзүү департаментинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № Б-53 корутундусу чыгарылып, жаңы мектеп салынуусу талапка ылайык деп көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий