• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

2024-2028-жылдары Ош облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн алгылыктуу иштер жасалат

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. 2024-2028-жылдары Ош облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн алгылыктуу иштер жасалат. Бул тууралуу Ош облусунун жана Ош шаарынын туризм боюнча кеңешинин кезектеги отурумда айтылды.

КР Туризм департаментинен билдиришкендей, анда туризмди туруктуу өнүктүрүү, инфратүзүмдү жакшыртуу жана туризмге инвестиция тартуу маселелери каралды.

Жыйынга президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ш.Козубаев, Туризм департаментинин директору Н.Миңбаев, "КР туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКтын вице-президенти Б.Дыйканбаев, Ош шаарынын мэриясы, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы, Ош ОИИБ, жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Миңбаев туризм өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу тармагы экенин белгилеп, Ош облусунун жана Ош шаарынын туристтик дараметин натыйжалуу пайдаланууга чакырды. Ошондой эле ал бул тармакта биргеликте иш жүргүзүүнү сунуштап, туристтик тейлөө борборлорун куруу боюнча долбоорун презентациялап, аны ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин тактап берүү сунушун киргизди.

Кеңештин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ишкерлер тарабынан учурда актуалдуу болгон туристтик жааттагы көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору, туристтерге сылык-сыпаа мамиле жасоону адатка айлантуу, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча маселер талкууланды.

Күн тартибинде Ош облусунда жана Ош шаарында туризмди туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү Чил-Устун, Кара-Кой, Абшыр-Ата жана Кара-Шоро туристтик обьектилеринин ишмердигин илгерилетүү, райондордун, жергиликтүү бийликтердин туризм жаатын өнүктүрүүгө карата иш-аракеттерин күчөтүү, туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу, жашыл жаңы туристтик өндүрүмдөрдү иштеп чыгуу, туризм тармагына жер тилкелерин бөлүү, аларды тактоо чет элдик туристтерге сунуштоо аркылуу жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүү сыяктуу маселелердин алкагында кенен талкуу жүргүзүлдү.

Туризм департаментинин колдоосу менен Ош облусунда жана Ош шаарында туризм тармагында аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча АРИС, ПРООН, ПЭРЭТО, Хельветас Кыргызстан, GIZ эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү маалымат берди.

Туризм департаменти тарабынан Улуу Жибек-Жолунун провайдери болгон Ош облусу жана Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү үчүн 2024-2028-жылдары алгылыктуу иштер жасала тургандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий