Бишкекте милиция кызматкеринин баңгизат колдонгону аныкталып, камакка алынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Бишкекте Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери баңгизат колдонгону аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкекте Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. кармалып, анын кызматтык формасынын бушлатынын сол чөнтөгүнөн целофанга оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм белгисиз зат табылып алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү милиция кызматкерин Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизатын колдонгону аныкталган. Андан тышкары, ал баңгизатты сатып алган дарегин айткан. Көрсөткөн дарек боюнча “Жал” кичирайонундагы батирлердин бирине тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык зат табылып алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонуп отурган Бишкек шаарынын 4 жараны: 29 жаштагы Ч.М менен жашташ Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген.

Мындан сырткары, жогорудагы жарандарды Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизаттарын колдонушаары тастыкталды.

Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган милиционер Э.А. тергөө аяктаганча камакка алынды. Ошондой эле үйүнөн баңгизат табылган “Жал” кичирайонунун тургуну 29 жаштагы Ч.М. камакка алынды.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, мыйзамды бузгандардан, бангизаттарын пайдалангандардан тазалоого багытталган иштерди мындан ары дагы уланта бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий