• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды – сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 21-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

"Кармалган адам өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн жалданма фирманын өкүлүнөн пара талап кылган", - деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий