• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте милиция кызматкерлери өз өмүрүнө кол салган аялды куткарышты

Кырсык 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери өз өмүрүнө кол салган жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун саат 22:14тө К.Тыныстанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн балконунан аял секирүүгө аракет кылып жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам түрдө Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери Медер Усманов, Базарбай уулу Нуржигит жана Тынчтык Эрназаров барышкан. Алар жогорудагы жарандын өзүн-өзү өлтүрүү аракетин алдын алышкан.

Куткарылган аял Бишкек шаарынын тургуну 1991-жылы туулган К.Г. болот.

Пикир

Оставить комментарий