• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Таласта унаа даракты сүзүп, 3 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районундагы жол кырсыгынан үч адам жабыркады,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-майда болжол менен саат 04:14 чамасында Кызыл-Адыр айылында “Ауди-С4” үлгүсүндөгү унаа жолдогу даракты сүзүп, унаанын ички салону күйгөн.

“Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий