• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте милициянын көчмө кабылдамасы шаардыктарга жардам көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бишкекте милициянын көчмө кабылдамасы шаардыктарга комплекстүү жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Коомдук коопсуздук кызматы милициянын көчмө кабылдамасы менен арыз жазып кайрылган адамдар менен жолугушту.

Алсак, Рухий-Мурас жарны конушунун жашоочусу 25 жаштагы А. аттуу жарандын кайрылуусун угуп, көйгөйлүү маселесин чечүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын астындагы "Аялзат" кризистик борборунун психологу Айнур Кадыралиева жана Октябрь РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте үйүнө барып кабар алышты.

Арыз ээсинин кайрылуу себептерин аныктап, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн моралдык-психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүштү.

Комплекстүү иш-чаранын негизинде үй-бүлөдө жаралган социалдык көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн юридикалык кеңештерди берип, андан тышкары укуктарын менен милдеттерин түшүндүрүштү.

ИИМдин Коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмү кайрылуу жасаган адамдардын маселеси көзөмөлдөнүп турарын жана ар тараптуу колдоорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий