• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ала-Арча дарыясы жана Чоң Чүй каналы тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ала-Арча дарыясынын нугун кол менен, ал эми Чоң Чүй каналын механикалаштырылган тазалоонун жардамы менен тазалоодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдайт.

Тазалоо иштеринин алкагында куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыркуу, камыш жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери дагы жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тазалоо күз-жаз мезгилдеринде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий