• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте мончолор текшерилүүдө

Коом 0


Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тыюу салынган буюмдарды жана синтетикалык заттардын түрлөрүн отун катары жаккандарды токтотуу үчүн борбордогу мончо жана сауналарды текшерүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь районунда 6 жеке мончо текшерилип, анда Менделеев көчөсүндөгү мончодо кездемелердин калдыктарын мыйзамсыз жагуу фактысы аныкталды.

Мончонун ичинде отун, көмүр болгонуна карабай, анын ээси мешке тыюу салынган буюмдарды кошуп жаккан. Ага 7 миң 500 сом айып салынды.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер улантылат.

Эскерте кетсек, мыйзам бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык таштандыларды, катуу тиричилик өндүрүш калдыктарын жана башка буюмдарды, ошондой эле жалбырактарды күйгүзүүдө жеке жактарга 5 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактар ​​үчүн - 23 миң сом айып салынат.

Мэрия мончо жагууда мыйзам бузууларга күбө болгондорду 0990 757 371 ватсап номерине жазып, фото-видео далилин жөнөтүүгө болорун билдирет.

Пикир

Оставить комментарий