• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте муниципалдык кызматкерлер жумасына эки күн коомдук транспорт менен жүрөт. Себеби

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык унаасын пайдаланууга чектөө киргизилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында кабыл алынды.

Ошентип, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары тандалып алынды.

Көрсөтүлгөн күндөрдө жеке жана кызматтык унааларыны колдонууга чектөө киргизүү жолдогу тыгындарды азайтып, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн тыгындардын убактысын кыскартат. Ошондой эле коомдук транспортко болгон суроо-талапты жогорулатат.

Бул өз кезегинде, транспорттук тутумдун өнүгүшүнө өбөлгө болот жана атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтат.

Пикир

Оставить комментарий