Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Бишкекте муздун астынан 7 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, С.Каралаев көчөсүндө каналдагы муздун алдына 2016-жылы туулган К.У. аттуу жаш бала түшүп кеткен.
Жерине 11 куткаруучу жана ыкчам топ тартылып, баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий