• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Орозайым Нарматова үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Активист Орозайым Нарматова үй камагына чыгарылды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун 30-январдагы чечими менен О.Н.га карата мурда тандалган камакка алуу баш каргоо чарасы 20-февралга чейин үй камагына чыгарууга өзгөртүлгөн.

Эске салсак, массалык башаламандык беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 21 адам кармалган. Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-октябрындагы чечими менен 20 адамга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып, бирөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий