• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн диний балдар лагери аныкталды

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз иштеген диний балдар лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан диний мекемелердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Аталган диний мекеме өз ишмердүүлүгүн уруксаты жок жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында каттоосу жок жүргүзүп, анда жашы жете элек балдар, негизинен кыз-келиндер билим алганы такталды.

Аталган мекемеде ДИМКнын, санэпидемкөзөмөлдүн, билим берүү министрлигинин, Ички иштер органдарынын, өрт кызматынын жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда комиссиялык текшерүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди, окуу-тарбия программаларын, өрт коопсуздугун сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталган.

Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 5-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

УКМК жарандарды балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде КР мыйзамдарына ылайык иштеши сакталууга тийиш болгон балдардын диний лагерлерине жибербөөнү эскертет.

Пикир

Оставить комментарий