• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жаңы таштанды полигону курула баштады

Коом 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Бишкекте жаңы таштанды полигону курула баштады. Аны менен бирге, эски таштанды жайын жабуу жана рекультивация иштери жүрүүдө.

Жаңы полигон мурункуга жакын жерде эле курулат.

Азыркы тапта жерди казып, анан пластикалык мембрана төшөлөт. Ал жер алдындагы сууларга жаман заттардын сиңүүсүн тосот.

Бул жер 2020-жылы жазында пайдаланууга берилет. Анын аймагында таштандыларды ылгоо заводун салуу дагы пландалган.

Эске салсак, жаңы полигон куруп, эскисин жабуу жана рекультивация боюнча долбоорду Евробиримдиги жана Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы каржылоодо.

Долбоордун суммасы 22 млн евро, анын жарымы грант, калган бөлүгү насыя.

Пикир

Оставить комментарий