• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Интернационал айылынын башчысы азыркыга чейин тажик тарапта барымтада – облустук милиция

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев азыркыга чейин тажик тарапта барымтада калууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү органдар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мурдараак Интернационал айылынын башчысы “Жилой дом” участкасына жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында барган учурда тажик жарандары аны барымтага алып алышкандыгы маалымдалган. Бирок, тажик тарап кыргызстандыктын барымтага алынганы тууралуу маалыматты четке кагууда.

Пикир

Оставить комментарий