• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти 9776,5 тонна продукцияны экспорттоого текшерүүдөн өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти 9776,5 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттоого текшерүүдөн өткөрдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти 2021-жылдын 19-25-февралына республиканын аймактарында жана чек араларда фитосанитардык көзөмөл жүргүздү.

Тактап айтканда, 9776,5 тонна ата мекендик айыл чарба продукциялары экспорттоого текшерүүдөн өткөрүлдү.

ЕАЭБдин Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларды текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү жана сактоо эрежелеринин сакталышы боюнча атайын таанышуу иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий