• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылган күндөн тартып 1,3 миң салык төлөөчүнү тейледи

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору ачылган күндөн тартып үч жуманын ичинде 1 миң 331 салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен салыктык каттоодон 72, эсептик каттоодон 18, кайра каттоодон 57 салык төлөөчү өттү. Ошондой эле салыктар боюнча 122, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 744 ишкер отчетторун тапшырышты, ал эми 30 салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө, 16сы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алышкан.

Мындан тышкары, 44 салык төлөөчү Салык кызматынын сайтындагы “Жеке кабинетке” кирүү мүмкүнчүлүгүн, 147 ишкер патент жана камсыздардыруу полисин алышты. Патент менен иштеген 36 ишкер өз ишин токтотту.

Эске салсак, 2021-жылдын 25-ноябрында Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылып, анда борбордун ишкерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, консультацияларды ыкчам жана толук түрдө алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан сырткары 9 мамлекеттик орган жана бир катар мамлекеттик уюмдар кызмат көрсөтүшөт. Алсак, булар – Юстиция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бажы кызматы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргызпатент, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги, Баалуу металлдар департаменти, Тышкы миграция департаменти, Тышкы соода чөйрөсүндөгү “бирдиктүү терезе” борбору, Ишкердикти өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы. Ошол эле жерде «РСК Банктын» филиалы жайгашкан.

Ишкерлерди тейлөө борбору – бул ишкерлер консультациянын бардык түрүн, мамлекеттик жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн бүтүндөй комплексин ала турган жер. Анын ичинде каттоодон, кайра каттоодон өтүү, отчетторду тапшыруу, маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксаттарды, консультацияларды жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу.

Борбор ишкерлерди шаардын райондук салык органында катталгандыгына карабастан кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий