• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Индиянын ишкер аялдарынын ортосунда туруктуу аянтча түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Кечээ, 20-апрелде Кыргызстан менен Индиянын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форумунун виртуалдык форматта расмий ачылышы болуп өттү. Форумду уюштуруу Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигинин жана Индиянын Соода-өнөр жай палатасы федерациясынын (FICCI) демилгеси менен ишке ашырылды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бизнес форумга Индия тараптан Индиянын Соода-Өнөр жай палатасынын экс-төрагасы жана Индиянын эң ири “Аполло» ооруканасынын учурдагы башкаруучу директору С.Редди, FICCIнин башкы катчысы Д.Ченой, Индиянын КРдагы элчиси А.Димри катышты. Ал эми кыргыз тараптан Бишкек шаарынын вице-мэри А.Чыныбаева, КР Аялдар конгрессинин президенти З.Акбагышева, “Курак” аялдар форуму башкармалыгынын төрайымы А.Сагынбаева жана КРнын Индиядагы элчиси А.Исаев катышты.

FICCI аялдар канатынын төрагасы Харжиндер Каур Талвар, Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин президенти З.Акбагышева жана “Курак” аялдар форуму башкармалыгынын төрайымы А.Сагынбаева форумдун теңтөрагалары болуп дайындалды.

Форумда өз ара түшүнүшүү жөнүндө эки меморандумга кол коюлду:

- Индиянын Соода-өнөр жай палатасы федерациясы (FICCI) жана Кыргызстан Аялдар конгрессинин ортосунда;

- Индиянын Соода-өнөр жай палатасы федерациясы (FICCI) жана “Курак” аялдар форумунун ортосунда.

С.Редди өз сөзүндө Индияда да, Кыргызстанда да аялдардын ишкердигин колдоо жана жайылтуу боюнча демилгелер өнүгүп жаткандыгын айтып, буга байланыштуу индиялык тарап кыргыз аялдар уюмдарынын демилгелерин колдой турган бирдиктүү багыттарды табуу керек экендигин белгиледи.

Кыргыз тарап мындай туруктуу аялдар форумун түзүүнүн уникалдуулугун белгилөө менен, Кыргызстан менен Индияда кол өнөрчүлүк жана колдонмо искусство, айыл чарба, туризм, IT, фармацевтика жана башка көптөгөн тармактарда ишкердик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана тармактарды түзүү үчүн аянтча болоорун белгилешти.

Элчи А.Исаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Индиянын салттуу күчтүү аялдар кыймылын ири биргелешкен форумга бириктирүү Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерге чоң салым кошоорун баса белгиледи.

Ош жана Нарын шаарларынан катышкан ишкер аялдарынын конкреттүү долбоорлору Индия тарабынын чоң кызыгуусун арттырды жана аларды ишке ашыруунун пландары жөнүндө кеңири айтылды.

Форумдун аягында мындан ары ишке ашыруу жана аялдар ишкердиги жаатындагы долбоорлорду кыргыз тарап менен кеңири талкуулоо үчүн индиялык тарап коронавирус пандемиясы боюнча кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий