• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ырчы Малик Аликеев менен коштошуу зыйнаты Таласта өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-январда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ырчыны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы саат 10:00дө киндик каны тамган Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда 53 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Малик Аликеев эл арасында “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен таанымал болгон.

Пикир

Оставить комментарий