• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте мыйзамсыз курулган 12,5 миң үйгө техпаспорт берилди

Коом 0

Бишкек, 20.11.24. /Чолпон Жумалиев - Кабар/. Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган 12 миң 500 үйгө техникалык паспорт чийилип берилди. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалынын директорунун орун басары Мирлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, Ленин районунда 2 миң 727, Биринчи май районунда 5 миң 899, Свердлов районунда 3 миң 332, Октябрь районунда 597 үйгө техпаспорт берилген.

“2021-жылы 5-апрелде жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу мыйзамы кабыл алынып, мыйзамсыз салынган үйлөргө техникалык паспорт берүү жөнүндө жобо киргизилген. Ушул мыйзамдын алкагында техпаспорт берүү иштерин биз биринчилерден болуп баштадык. Ушул учурга чейин техпаспорттон тышкары, 3 миңден ашык үйдүн кызыл китеби берилди. Басымдуу бөлүгү Ленин жана Биринчи май районунорундагы үйлөр, анткени аталган райондордо жаңы конуштарда мыйзамсыз салынган үйлөр көп”, - деди Мирлан Исмаилов.

Мекеменин маалыматы боюнча, Ленин районунда 1 миң 200, Биринчи май районунда 700, Свердлов районунда 960, Октябрь районунда 150 үйгө токтом чыгып, кызыл китептери берилген.

Белгилей кетсек, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги негизинен үйдүн салынгандыгын жана жарандардын жашай тургандыгын тастыктап берет.

“Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган үйлөргө техникалык паспорт берүүдө үй ээсинин квартал башчысы жана Муниципалдык аймактык башкармалыктын мөөрлөрү басылган, үч кошунасынын “бул жаран ушул жерде жашайт” деген тастыктамасы бар арызы талап кылынат”, - деди Исмаилов.

Пикир

Оставить комментарий