• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Кыргызстандын 1,6 миңден ашуун жараны чет жерлерде абакта отурат

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын 1,6 миңден ашуун жараны чет жерлерде абакта отурат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

"Чет жерлерде Кыргызстандын 1 миң 633 жараны камакта отурат. Анын басымдуу бөлүгү Россияда 1 миң 400 жаран, Казакстанда эркинен ажыратылган 104 жаран бар. Пенитенциардык программанын, которуулардын жана мунапыстын эсебинен Казакстанда соттолгондордун саны азайып жатат. Өзбекстанда - 33 жаран, Тажикстанда - 24, Кытайда - 13, Түркияда - 8 жаран эркинен ажыратылган. Башка мамлекеттерде 1-3 жаран бар. Бул маалыматтардын бардыгы ТИМдин жана Башкы прокуратуранын дайымкы көзөмөлүндө турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий