• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз курулган унаа жуучу жай алынууда

Коом 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулган унаа жуучу жай алынууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Токомбаев көчөсүндөгү №1 үйдүн боюнда жайгашкан, жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн, жеңил конструкциядан курулган унаа жуучу жай демонтаждалууда.

Жеринде мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Буга чейин башкармалык тарабынан мыйзамсыз унаа жуучу жайдын курулушу аныкталып, КР мыйзамдарынын негизинде мыйзамсыз курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүү берилген.

Пикир

Оставить комментарий