• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик желегинин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандын мамлекеттик желегинин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров параддык эсептер менен саламдашып, андан соң гвардия аскерлери мамлекеттик тууну асабага алып барышты.

Кыргыз Республикасынын гимнинин коштоосунда мамлекеттик туу көтөрүлдү.

Андан соң мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Мааракелүү окуянын урматына Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу маршы өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган үч бийлик бутагынын өкүлдөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, легендарлуу парламенттин депутаттары, Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун авторлору, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, маданият ишмерлери, жаштар жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий