• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй аныкталып, курулушу токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бишкектин Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй аныкталып, курулушу токтотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан шаардык прокуратуранын жана Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына КР "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү.

Андан ары материалдар сот органдарына өткөрүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий