• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. "Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январында "Аламүдүн" станциясына Грузиядан 2021-жылы чыгарылган Lexus LS 500 үлгүсүндөгү унаа келген.

6-январда убактылуу сактоо документи ачылган. Убактылуу сактоонун бардык мөөнөтүнүн ичинде (4 ай) унаа бажылык тариздөөдөн өткөн эмес. Убактылуу сактоо кампасынын аймагын текшерүү учурунда бул унаа жок экендиги, бажылык тариздөөдөн өтпөгөндүгү аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө унаа техникалык тейлөө станциясында экени аныкталган. О.Н.М. аттуу жаран оңдоо үчүн унааны өз алдынча алып чыгып кеткен.

Өндүрүлүүгө тийиш болгон жалпы сумма 681 миң 34 сомду түзгөн.

Жалпы сумма 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкандыгына байланыштуу материалдар тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий