• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Манас жана Айтматов проспектилеринде 50 жарнама конструкциясы алынды

Коом 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тышкы көрнөк-жарнакты тартипке келтирүү боюнча рейд өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жыйынтыгында Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилерин бойлой Түндүк көчөсүнө чейин 50 жарнама конструкциясы, анын ичинде 8 жарнама тактасы жана 42 баннер демонтаждалды.

Мындан тышкары, Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, кеңейтилген, жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн күркө билдирүүнүн негизинде ээси тарабынан өз ыктыяры менен алынды.

Ошондой эле Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан, жалпы аянты 40 чарчы метр болгон контейнер мурда берилген билдирүүнүн негизинде ээси тарабынан алынып салынды.

Текшерүүлөрдүн максаты шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий