• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын Орозбаев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бастырмалар алынып, 400 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Жеринде мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышты.

Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты өз билемдик менен орнотулган объекттерден, ошондой эле мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүү берилген.

Мындан тышкары, башкармалык тарабынан бир жума ичинде уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды орнотуу жана жер пайдалануу эрежелерин бузган жактарга 18 протокол түзүлүп, 100 миң сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий