• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо уланууда, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Киргизия-1 конушунун Улан көчөсүндөгү 3 даректин ээси өз ыктыяры менен 40 тонналык контейнерин жана темир тосмосун алды. Бошотулган муниципалдык аймак 50 чарчы метрди түзөт.

Мэриядан буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, курулуштардан бошотуу боюнча эскертүү кагазы берилгендигин эске салышты.

Пикир

Оставить комментарий