• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кара-Сууда 44 жаштагы тургун 2 кг баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Кара-Суу районунун аймагында 2 кг баңгизат менен 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-августта Ош шаарынын тургуну К.И.нин башкаруусундагы унааны тинтүү учурунда алдыңкы орундуктан 1 кг 936 грамм "гашиш" баңгизаты табылган.

Кылмышка шектүүгө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

18-августта шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий