• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Садыбакасов көчөсүндө жайгашкан «Равза» ашканасынын кеңейтилишин демонтаждоодо.

Натыйжада 90 чарчы метр жеңил конструкция менен кеңейтилген жер бошотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксат берилбеген орнотуулардан, ошондой эле КР мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.

Пикир

Оставить комментарий