• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы тергөө аяктаганча кызматынан четтетилди

Коом 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгы боюнча Сокулук райондук милициясынын башчысы М.Чойбеков тергөө аяктаганча кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, учурда ал факт Ысык-Ата райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

"Толук жана калыс иликтөө жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары Чүй облусунун ИИББнин тергөө кызматына алынган. Андан тышкары, Сокулук райондук милициясынын башчысы тергөө аяктаганча кызматынан четтетилди", - деп билдиришти Чүй облустук милициядан.

Учурда ички иликтөөлөр кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Ошондой эле баардык керектүү соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки иш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий