Бишкекте мыйзамсыз орнотулган гараждар алынууда

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкектин Жусуп Абдрахманов 145, дарегинде мыйзамсыз орнотулган 21 гараж алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, гараждарды алуудан соң натыйжасында 260 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду, бул жерге жол курулмакчы.

Буга чейин мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Пикир

Оставить комментарий