• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ош жана Жалал-Абаддын фермерлери Өзбекстанда өткөн эл аралык көргөзмөгө катышты

Экономика 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын алты ири компаниясы Өзбекстанда өткөн жарманке-көргөзмөгө катышты, деп билдирет КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад жана Ош облустарынын фермерлери эл аралык көргөзмөгө келип, бал, сүт азыктары, май жана башка товарларды камтыган өз продукцияларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чарага катышуу кыргыз ишкерлерине бизнести кеңейтүүгө жана жаңы өнөктөштөрдү табууга кеңири мүмкүнчүлүк берди.

Аталган жарманке-көргөзмөгө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 200дөн ашык компания катышып, эл аралык бизнес-байланыштарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу платформа түздү.

"Мындай иш-чараларга катышуу кыргыз компанияларына дүйнөлүк рынокто өз аброюн бекемдөөгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн географиясын кеңейтүүгө жардам берет. Ошондой эле жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана продукциянын сапатын жогорулатууга жардам берет", -деп кошумчалашды уюмдан.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан колдоого алынган мындай демилгелер жана иш-чаралар өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт жана региондогу бизнес-коомчулуктун бекемделишине өбөлгө түзөт.

-

Пикир

Оставить комментарий