• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган күркөлөр алынды

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен белгилешкендей, Чүй проспектиси жана Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнүн боюндагы "Бибигон", "Бегемот", "Оазис" фастфуд түйүндөрү алынды.

Ошондой эле Мурас-Ордо конушунун жашоочуларынын суу алуучу коргоо зонасы боюнча доо арызынын негизинде туруктуу курулма демонтаждалды.

Мындан сырткары, Ак-Ордо конушундагы Барсбек жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги гриль сатуучу жеңил объект жана Ак-Босого конушундагы Архитектор жана Беларусь көчөлөрүндөгү соода күркөлөрү, Чокморов көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон күркөлөр да алынды.

Пикир

Оставить комментарий