• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КР делегациясы Лондондогу БАнын энергетика тармагындагы аймактык соода жана инвестиция боюнча форумга катышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын делегациясы Лондондо өтүп жаткан Борбор Азиянын энергетика тармагындагы аймактык соода жана инвестиция боюнча форумга катышууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз делегациясынын курамы: КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, финансы министри Алмаз Бакетаев, Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев, Кыргызстандын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчиси Улан Жусупов.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө кыргыз расмий делегациясынын мүчөлөрү Дүйнөлүк банктын, «Independent Power Corporation» (IPC) компаниясынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы энергетика жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартууга кызыкдар болгон өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, эл аралык финансы корпорациясынын жана «ERG International» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууну пландаштырууда.

Форумдун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча 13,8 млн еврого (анын ичинен 5,0 млн евро - гранттык каражат) Макулдашууга кол коюу пландаштырылууда. Долбоорду ишке ашыруу ГЭСте иштеп чыгууну 53,5 ГВт саатка чейин (56%га) көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, форум Дүйнөлүк банк жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун өкмөтү тарабынан уюштурулууда. Форумдун максаты аймактык интеграцияны тереңдетүү, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жана аймактагы электр энергиясын сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий