• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КРнын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата Концепциясы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата Концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Концепция зергердик тармакты 2019-2022-жылдарга карата өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, иш орундарын жаратуу жана баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды өндүрүүчү ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Документ ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу, зергердик буюмдардын экспортун көбөйтүү, жумуш орундарын түзүү, бардык деңгээлдеги бюджеттерге салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу шарттарын түзүү үчүн бул тармакты өнүктүрүүнүн максаттарын, тапшырмаларын жана артыкчылыктарын аныктайт.

Бул Концепцияда 2022-жылдын аягына чейин ата мекендик ишканалардын алтынды жана күмүштү керектөөлөрүнүн жылдык көлөмүн 1 тоннага жеткирүү максаты коюлду, бул зергердик тармакта иштеген 2500 адамдык кошумча иш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата Концепциясын кыйла натыйжалуу ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы төмөнкү максаттар менен толукталган:

- зергердик тармактын ишканаларын колдоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу;

- зергердик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

- импортту алмаштырууну колдоого жана зергердик продукциянын экспортун өнүктүрүүгө багытталган чараларды өбөлгөлөө;

- тышкы жана ички булактарды эске алуу менен 2023-жылга чейин сатуу каралган сырьелор менен камсыздоого аракеттешүү.

Пикир

Оставить комментарий