• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Исаков Нарын шаарында КР ЖАМК жана МЧК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлери үчүн Нарын шаарында курулган турак-жайлардын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өкмөт башчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин турак-жайлуу болушу менен куттуктап, бул алар жана алардын үй-бүлөсү үчүн жаңы жыл алдындагы чыныгы майрам экендигин белгиледи.

«Акыркы жылдары куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар чаралар кабыл алынган. Өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан аталган түзүм кызматкерлери үчүн турак-жайларды пайдаланууга берүү боюнча активдүү иш башталган. Бул өлкөдө жакшы салтка айланды жана келечекте улантылышы зарыл», – деп белгиледи Сапар Исаков.

«Өкмөт тараптан куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн максималдуу колдоо көрсөтүү, жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер улантылат», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр иш-чара катышуучуларын Жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык, бакубаттык жана ийгиликтерди каалады. Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан турак-жайлардын аймагын көрктөндүрүү үчүн акчалай сертификаттар бөлүнгөн.

Маалымдама: Ар-биринде 24 квартиралуу эки турак-жайдын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган жана Россия Федерациясынын каражатынын эсебинен ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий