• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров ЕБ БА боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕБ Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала жетектеген Европа Биримдигинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан жана Европа Биримдигинин ортосундагы соода-инвестициялык, финансы-техникалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташуусунун абалы жана келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өткөн Борбор Азия – Европа Биримдиги Биринчи экономикалык форумунун жыйынтыгына жогорку баа берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле ЕБ делегациясына республикада жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала белгилегендей, ЕБ Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүк мамилелерге жогорку баа берет жана жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар.

Ошондой эле ал Европа биримдигинин КР президенти Садыр Жапаровду расмий иш сапары менен кабыл алууга даярдыгын ырастады, белгилей кетсек, буга чейин расмий сапар 2021-жылдан үстүбүздөгү жылга жылдырылган

Пикир

Оставить комментарий