Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди демонтаждоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди демонтаждоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Гурман" кафесинин уруксат берүүчү документтери жок жеңил типтеги кошумча курулушу демонтаждалды.

Мындан тышкары, "Ориентал" жана "ГлавПивТрест" кафелеринин кожоюндары жер тилкесине курулуш иштерин жүргүзүп, пайдалангандыгы үчүн акы төлөшкөн.

Бишкек мэриясы жарандардан жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөт.

Мыйзам бузуулар аныкталса, мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы КР колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чара көрөт.

Пикир

Оставить комментарий