• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сахнага 7 жашында чыккан — Райма Абдубачаевага жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 11.11.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актриса Абдубачаева Райма 75 жашында дүйнөдөн өттү.

Райма Абдубачаева 1948-жылы көрүнүктүү искусство ишмерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Абдубачаев Исмаилбек Москва шаарындагы А.В. Луначарский атындагы Театр институтунун эң алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири, апасы – СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова.

Райма Абдубачаева алгач сахнага 7 жашында Кыргыз драма театрында жаш өспүрүмдөрдүн ролун ойноп чыккан. Ошол себептен анын театрдык амплуасы “травести” (жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн ролдорун, ошондой эле эркектин костюмун кийүүнү талап кылган ролдорду ойногон актриса) деп аныкталган.

Райма Абдубачаева 1971-жылы Россиянын театралдык искусство институтун – МТИСИни аяктаган. Ошондой эле ал А.В. Луначарский атындагы Театр институтунун да бүтүрүүчүсү болгон.

Р. Абдубачаева 1972–1985-жылдары Ош драма театрында, андан кийин Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп эмгектенген.

Ал “Гамлет”, “Ричард III”, “Түпкүрүндө”, “Антоний жана Клеопатра” сыяктуу спектаклдерде мыкты роль жараткан.

Райма Абдубачаева кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган.

Райма Абдубачаева актердук карьерасында театр искусствосу жаатында бир нече жолу ар кандай сыйлыктардын лауреаты болгон.

Жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөбүз.

А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, А.А. Максутов, Т.М. Ажымалиев, С.А. Раев, Ж.О. Кулмамбетов, Т.Т. Казаков, К.О. Иманалиев, Т.А. Чокиев, М.А. Бектеналиев, А.А. Өзүбеков, Н.И. Мамбетова, Г.К. Каниметова, М. Далбаева, Э. Бекболиев, З. Сооронбаев, Т. Бообекова, Ж. Сыдыкбаева, К. Сейдалиева, Ш. Алсейитова, А. Анаркулова, Ж. Жумалиева, Т. Абдразаева, С. Мырзалиева, Ч.О. Думанаев, К.А. Осмонов, Д.С. Баратбаева, Б. Куланбаев, А.М. Истамбаев, С.В. Бардаков, Н.Дж. Абдыкадыров, Ж.А. Өзүбекова, Т.К. Сманбеков, Т.А. Кулмендеев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий