• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

"Тазалык" ишканасына эки электромобиль берилди

Коом 0

Бишкек, 11.11.23./Кабар/. "Бакай Банк" "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине эки электромобиль тапшырды, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Машиналар чоң транспорт кире албаган жерлерден, тротуарлардан жана сейил бактардан таштандыларды чыгарууга арналган.

Демөөрчүлүк жардам юбилейди белгилөөнүн алкагында "25 жылда 25 жакшылык кылуу"деген ураан менен көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, "Тазалык" муниципалдык ишканасы экологияга зыян келтирбеген электромобилдерди сатып алууга басым жасайт.

Пикир

Оставить комментарий