Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынды

Коом 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын адистери "Бишкекбашкыархитектура", "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын жана Октябрь акимчилигинин кызматкерлери менен биргеликте Ахунбаев көчөсүн бойлой Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө 84 жарнама конструкцисы, 4 терминал алынып, 9 протокол түзүлдү. Ошондой эле рейд учурунда Байтик баатыр көчөсүнүн кеңейишине жол бербеген объектилер текшерилди.

Пикир

Оставить комментарий