• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эрбол Султанбаев президенттин РФ Ардак ордени менен сыйланышы боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын Ардак ордени менен сыйланышы боюнча комментарий берди.

"Россия тараптын президент Садыр Жапаровду сыйлоо чечими Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынды.

Атап айтканда, акыркы эки жарым жылда Кыргызстанда бажылык башкарууну жакшыртуу, бажы органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жоюу боюнча бир катар маанилүү чаралар көрүлгөнүн белгилей кетүү керек.

Эгерде 2020-жылы Кыргызстанда бажы төлөмдөрү 28 миллиард сомдон бир аз ашыгыраак болсо, 2022-жылдын жыйынтыгы менен 74,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгында 103 миллиард сом көлөмүндө бажы төлөмдөрү түшту.

Айырмасын байкасак, 2020-жылга чейин 70 млрд сомдой акча каражаты мамлекеттик казынага эмес, коррупциялашкан чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп келгенинен кабар берип турат.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө болгондон бери биринчи жолу, кыргыз тарап 2022-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден алган суммага караганда, Биримдикке мүчө башка мамлекеттердин бөлүштүрүлгөн үлүштөрүнө ылайык, бажы алымдарын көбүрөөк сумма которгонун белгилей кетүүгө болот.

Алсак, 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге 20 миллиард 116,9 миллион сом өлчөмүндө бажы алымдарын которгон, ошол эле маалда ЕАЭСтен 16 миллиард 248,2 миллион сом кайра алганбыз.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасы бөлүштүрүү ченемдерине ылайык, ЕАЭБке 4,2 миллиард сом калтырган. Пайда келтирген.

2023-жылдын жыйынтыгында бажыдан түшкөн кирешелердин өсүшүн эске алуу менен бөлүштүрүү ченемдерине ылайык, ЕАЭБке 17-18 миллиард сомдой бажы алымдарын калтырабыз деп турабыз. Бул деген соз биз кыргызстандын эле бажы чонтогун толтурбастан ЕАЭБке да пайда келтире баштаганыбызды билдирет.

Маалымат үчүн:

- 2016-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 11 млрд 967,9 млн сом которгон, 13 млрд 094,6 млн сом кайра алган;

- 2017-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 12 млрд 329,1 млн сом которгон, 15 млрд 358,5 млн сом кайра алган;

- 2018-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 15 млрд 324,9 млн сом которгон, 16 млрд 169,8 млн сом кайра алган;

- 2019-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 11 млрд 249,9 млн сом которгон, 17 млрд 106,9 млн сом кайра алган;

- 2020-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 6 млрд 042,5 млн сом которгон, 16 млрд 840,2 млн сом кайра алган;

- 2021-жылы ЕАЭБге мүчө- мамлекеттерге 13 млрд 024,4 млн сом которгон, 22 млрд 077,0 млн сом кайра алган;

- 2022-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 20 млрд 116,9 млн сом которгон, 16 млрд 248,2 млн сом кайра алган; (4,2 миллиард сом ЕАЭСте калган)

- 2023-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге 25,8 млрд сом которулду, 16 млрд 375,1 млн сом түштү. (Жылдын аягына чейин 17-18 миллиардга чейин жетет)".

Пикир

Оставить комментарий