• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

MEGA бардык абоненттерди 24 саат бою акысыз байланыш жана интернет менен камсыз кылат

Коом 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. MEGA бардык абоненттерди 24 саат бою акысыз байланыш жана интернет менен камсыз кылат.

Компаниядан билдиришкендей, MEGA лоялдуулук программасынын алкагында жана 2023-жылдын 12-октябрында магистралдык линиялардын үзгүлтүккө учурагандыгынан улам (үзүлгөндүгүнөн) келип чыккан байланыш кызматтарын колдонуудагы техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу, бардык абоненттерин 24 саат бою акысыз байланыш жана интернет менен камсыз кылат.

Бул бонустук топтом өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • бардыгына 2 ГБ интернет-трафик;
  • түйүн ичинде чектөөсүз чалуулар;
  • түйүндөн тышкары 5 мүнөт;
  • акысыз SMSтер (түйүн ичинде жана түйүндөн тышкары).

"Топтом бардык абоненттерибиз үчүн автоматтык түрдө кошулат. Ар дайым биз менен болгондугуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан да мыкты болууга убада беребиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий