• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте "Өнөрлүү айымдар" долбоорунун алкагында 100 аялга тигүүчү машиналар берилди

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бишкекте жалгыз бой жашаган, жумушсуз аялдарга колдоо көрсөтүү максатында “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нури уюмунун демөөрчүлүгү астында “Өнөрлүү айымдар” долбоорун ишке ашырды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көп балалуу, жалгыз бой энелердин үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүү максатында тигүүчүлүккө жөндөмү бар айымдарга атайын бир айлык курс уйуштурулуп, ар бир бүтүрүүчүгө сертификат менен тигүүчү машиналар белекке берилди.

Тигүүчүү машиналарды тапшыруу аземине КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов катышты.

"Долбоорго 100 айым катышты. Алардын 70не түз тигүүчү машинлар, ал эми 30на 5 жиптүү машиналар берилди. Мындан сырткары, ар бирине 10 метрден кездеме жана керектүү болгон шаймандары дагы берилет. Программага катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүк менен алектенип, келечекте үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табуусуна шарт түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Ассанабил” ККФну узак убакыттан бери ушул сыяктуу социалдык долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Жалпы республика боюнча 120 медициналык клиникалар, 55 орто мектеп имараттары курулуп, муниципалдык менчик кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий