Бишкекте накталай эмес төлөм жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкекте Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуровдун жетекчилиги астында чарба субъекттерине эмгек акыларды накталай эмес ыкмада төлөө жана 2023-2027-жылдарга Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа талкууланды.

Улуттук банктан билдиришкендей, иш-чарага Экономика жана коммерция, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтеринин, Социалдык фонд, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилеринин орун басарлары жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын жетекчилиги катышты.

Талкуунун жыйынтыгында жыйындын катышуучулары бардык тобокелдиктерди эске алуу менен бул маселени иликтөө үчүн кызыкдар болгон тараптардын катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Мамлекеттик программанын төмөнкү иш-чараларынын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын талкуулашты:

  • накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү пайдаланууга салыктык жактан дем берүү боюнча чараларды көрүү;
  • товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө ишкердик субъекттерге мамлекеттик контролду күчөтүү;
  • калктын накталай эмес эсептешүүлөргө ишенимин жогорулатуу;
  • накталай акча жүгүртүүнү кыскартуунун эсебинен накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү;
  • калк тарабынан накталай эмес түрдө эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө байланышсыз технологияларды (QR-код, NFC жана башка) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууну камсыз кылуу (транспорт, ири чекене/дүң базарлар, коомдук тамактануу пункттары ж.б.);
  • калк тарабынан билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр, каттоо кызмат көрсөтүүлөрү, маалым каттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү, изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызмат көрсөтүүлөрү, маалымат берүү, басма, көчүрүү жана басып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү, коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн накталай эмес түрдө акы төлөөнүн формасын киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий