Бишкекте “Наристе” IV эл аралык балдар фольклордук фестивалынын ачылышы өттү – сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 31.05.24. /Айпери Кожоева - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” IV эл аралык балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев катышуучуларды фестивалдын ачылышы жана келе жаткан Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

"Фестиваль жылдан-жылга өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы руханий жана чыгармачыл байланышты бекемдейт деп ойлойм. Бишкек достуктун жана жаштардын шаары. Кош келиниздер сүйүктүү шаарыбызга!" - деди Айбек Жунушалиев.

Кеңири масштабдагы иш-чарага Өзбекстан, Казакстан, Монголия, Россия, Башкортостан, Түштүк Корея, Түркия, Кытай, Сербия жана Калмакстандан өкүлдөр жана Кыргызстандын 7 облусунан Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышат.

Иш-чаранын алкагында фестивалдын катышуучулары концерттик программа тартуулашты.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен таанышуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий