Бишкекте нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча аукцион өтөт

Экономика 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата 20-апрелде нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт.

УБнын маалымат кызматы кабарлагандай, аукционго жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алышат. Эсептешүүлөр нак жана нак эмес төлөмдөр аркылуу жүргүзүлөт. Аукционгө күрөөсүз катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Аукцион Бишкектеги «Шератон» мейманканасында өтөт. Башталышы саат 16:00.

Аукционго байланыштуу суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 66-92-19, 66-92-31 Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмү.

Аукционго чыгарылчуу монеталар менен толук бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий