• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте окуучулардын катышуусунда Жарандык коргонуу күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бишкекте окуучулардын катышуусунда Жарандык коргонуу күнү белгиленди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, министрликтин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары борбор калаадагы №83 жалпы билим берүү орто мектебинде бүгүн Жарандык коргонуу күнүн өткөрүштү.

Анда мектеп мугалимдерине жана окуучуларына “Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү” аталышындагы лекция окулуп, видео роликтер көрсөтүлдү. Мындан тышкары өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн жана жакындарын коргоонун ыкмалары, өрт кырсыгы катталган учурда алгачкы чараларды колдонуу, имараттын ичинен элди эвакуациялоо, алдын ала эскертүүлөргө көңүл буруп иш жүзүндө аткаруу боюнча пайдалуу кеңештер берилди.

Иш-чарага 30дай мугалим, 600дөн ашык окуучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий